www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу өлкө атынан мамлекеттик кабыл алуу (сый тамак) өттү.
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Германия жана Зимбабвенин тышкы иштер министрлери, ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен мүчөлөрү катышты.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө өлкөнүн БУУнун уставынын максаттары менен принциптерине, эл аралык укукка, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууга, алдын алуучу дипломатияга жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоого берилгендигин белгиледи.
Ал өлкө эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого салым кошууга бекем умтуларын айтты. Анын пикиринде, тынчтык өзүнөн-өзү эле жаралып калбайт, ал күнүмдүк жумушту, диалогду, чыдамкайлыкты, өз ара урматтоону жана бири-бирин уга билүү жөндөмүн талап кылат.
Ошондой эле Кулубаев БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланып калган учурда Кыргызстандын негизги артыкчылыктуу багыттарын атады. Алардын катарында туруктуу тынчтык күн тартибин илгерилетүү, алдын алуучу дипломатия, калктын аялуу катмарын коргоо, климаттык коопсуздук жана мамлекеттер ортосундагы ишенимди чыңдоо бар.
Коопсуздук кеңешинде адилеттүү жана инклюзивдүү (бардык тараптар камтылган) өкүлчүлүктү камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Министрдин айтымында, Кеңештин күчү анын ар түрдүүлүгүндө жана чоң-кичинесине, тажрыйбалуу-жаңысына, аймактык же глобалдык деңгээлине карабай бардык мамлекеттердин үнүн эске ала билүү жөндөмүндө.
Ал эгер эл аралык коомчулук тарабынан ишеним көрсөтүлсө, Кыргызстан эл аралык укукту, БУУнун Уставын жана ар бир инсандын кадыр-баркын сыйлаган, ишенимдүү өнөктөш жана көпүрө куруучу мамлекет катары чыга турганын билдирди.
Сөзүнүн аягында министр БУУга мүчө мамлекеттерге Кыргызстандын талапкерлигине ишеним арткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өнөктөштөрдү шайлоодо өлкөнү колдоого чакырды.