www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынынын алкагында өткөн БУУнун Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча фондунун (UNRSF) Өнөктөштүк конференциясына Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов катышты.

Министр өз сөзүндө Кыргызстан үчүн жол кыймылынын коопсуздугу адамдардын өмүрүн сактоо, калктын ден соолугун коргоо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун маанилүү багыты экенин белгиледи.

«Жол кыймылынын коопсуздугуна багытталган инвестициялар — бул адамдык капиталга жана өлкөнүн келечегине салынган инвестиция», — деди Дамир Осмонов.

Анын айтымында, Кыргызстан медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүнүн эл аралык протоколдорун киргизүү, жол кырсыктарына жооп кайтаруу убактысын кыскартуу жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун күчөтүү боюнча иштерди улантат.

Ошондой эле жол-транспорт кырсыктарынан жабыркагандар боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо системасын өркүндөтүү натыйжалуу мамлекеттик саясатты жүргүзүүнүн негизги шарттарынын бири экени белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан БУУнун Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча фондунун 2027–2030-жылдарга карата жаңы стратегиялык этабын колдой турганын билдирип, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө, кошумча ресурстарды тартууга жана коопсуз мобилдүүлүккө багытталган заманбап чечимдерди ишке ашырууга даяр экенин белгиледи.

Последние новости