www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан өзүн-өзү үч эле азык менен камсыздай алат. Картөшкө менен 123%, сүт менен 132% жана жашылча. Бул тууралуу 7-февралда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков айтты. Анын сөзүнө караганда, социалдык маанилүү башка азык-түлүктүн көбү сырттан импорттолот.
“Өлкөгө азыктык буудай 45%, кумшекер 50% жетпей калды. Биз өзүбүз 20% жетпеген гана көлөмдө өсүмдүк майын, 55% жумуртканы өндүрөбүз. 2024-жылдары биз кумшекер жана азыктык буудай менен камсыздайбыз”, - деди Жаныбеков.
Кыргызстан ундун басымдуу бөлүгүн Казакстан менен Өзбекстандан алат.
Былтыр Кыргызстанда сугат суунун тартыштыгы жана аптаптуу ысыктан улам буудайдын дүң жыйымы 41,4%, арпанын түшүмү 58% кыскарган. Буга байланыштуу буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40% кымбаттаган.
Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн буудайды сыртка экспорттоого тыюу салып, өлкөгө буудай жана ун ташып кирүүгө кошумча нарк салыгын убактылуу алган.
Жогорку Кеңештин тармактык комитети 2022-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүү боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.
Булак: NazarNews.kg