www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канадалык Arton Capital компаниясы дүйнөдөгү эң меймандос өлкөлөрдүн Welcoming Countries Rank - 2023 рейтингин жарыялады. Ага ылайык, Өзбекстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң меймандос республика аталды.

Рейтингдеги өлкөлөрдүн бөлүштүрүлүшү өлкөгө канча жаран визасыз кире ала турганына (же келгенде виза алуу менен же электрондук виза берүү аркылуу) негизделет.

Рейтингде 25-орунда турган Өзбекстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң меймандос өлкө болуп калды. 139 өлкөнүн жарандары өлкөгө визасыз бара алат.

Кыргызстан рейтингдин 53-сабында (80 өлкөнүн жарандары визасыз кире алашыт) жайгашкан. Тажикстан 49-орунда (87 өлкө), Казакстан 54-орунда (77 өлкө).

Ал эми, Түркмөнстан, Ооганстан жана Түндүк Кореяга визасыз кирүү мүмкүн эмес.

Рейтингдин сап башын дароо 22 өлкө ээледи, алардын көпчүлүгү Африка континентинде жайгашкан (Нигерия, Эфиопия, Габон, Руанда, Жибути жана башкалар). Ошондой эле, биринчи сапты Мальдив, Камбоджа жана Комор аралдары ээледи. 198 өлкөнүн жарандары бул өлкөлөрдүн ар бирине визасыз бара алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости