www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга багытталган долбоор үчүн 67,7 млн евро бөлөт. Жогорку Кеңеш 9-апрелде “Кемин” подстанциясы менен жаңы “Балыкчы” подстанциясынын ортосунда 500 кВ электр линиясын курууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Кредиттик жана гранттык макулдашууга “Кыргызстан улуттук электр тармагы” менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы былтыр декабрда кол койгон.

Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбековдун белгилешинче, насыянын жалпы мөөнөтү 20 жыл деп чектелген. Анын 5 жылы жеңилдетилген мезгил катары каралып, пайыздык чени 1% болот. Каражаттын 61,7 миллиону насыя, 3 миллиону грант, 3 миллиону техникалык жардам түрүндө берилет.

Последние новости