www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкордо жаңы автобекет 45 пайызга бүткөрүлдү

Курулуш министрлиги тарабынан Кочкор районунда жаңы автобекет курулууда. Каржылоо республикалык бюджеттен каралып, тендердик баасы 395 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Объекттин курулушу 2025-жылдын февраль айында башталган. Учурда курулуш иштер 45 пайызга аткарылды. 

Долбоор боюнча автобекеттин жалпы аянты 14 469 чарчы метрди түзүп, 2 кабаттуу имарат, транспорттук техникалык тейлөө, унаа токтотуучу жай жана көрктөндүрүү каралган. 

Курулуш-монтаждоо иштеринин ар бир этабы текшерүүдөн өткөрүлүп, жумуштун аткарылышы Турак жай-жарандык департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Последние новости