www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Европа өлкөлөрүнө көмүр экспорттой баштады

Кыргызстан Европа биримдигинин Латвия жана Польша сыяктуу өлкөлөрүнө көмүр жеткире баштады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасы” бюллетенинде айтылат.

Документтеги маалыматка караганда, 2022-жылдын январь-апрелинде Кыргызстан 88 миң долларга, же 7 млн 255,5 миң сомго Польшага 2 миң 933,4 тонна, ал эми 143 миң доллар, же 13 млн 728,6 миң сомго Латвияга 1 миң 787 тонна көмүр экспорттогон.

"Таш көмүрдүн көп бөлүгү Өзбекстанга экспорттолот, үстүбүздөгү жылдын 4 айында 3 млн 297 миң долларга 104 миң 408 тонна жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости