www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Ата шаарындагы маданият үйү «Барашек» ресторанына берилген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова билдирди.

Жыйында депутаттар шаардагы Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун жана Ысык-Көл облустук борборлоштурулган китепканасынын имараттарынын кейиштүү абалын талкуулашты.

Комитет төрагасы Бактыбек Сыдыков белгилегендей, жакында эл өкүлдөрү Чолпон-Ата шаарында көчмө жыйын өткөрүп, райондук китепканада болушкан.

"Китептердин коркунучтуу абалын карагыла. Маданият үйүнө, кинотеатрларга өткөрүп бере аласызбы?", - деп Бактыбек Сыдыков министрдин орун басарына кайрылды.

Салтанат Аманова клуб жеке ишкерлерге өтүп кеткен деп жооп берди.

"Буга чейин маданият үйүндө райондук китепкана бар болчу. Андан кийин ал "Барашек" ресторанына өттү. Ошентип биз жерди жоготуп, автобекетке көчүрүп келип, ижара акы төлөп жатабыз. Бизге жер бөлүп берүү боюнча жергиликтүү бийликке бир нече жолу кайрылып, бирок ала алган жокпуз", - деди Салтанат Аманова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости