www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги 50дөй мектептин директорлору депутат Балбак Түлөбаевдин үстүнөн арызданышып, аны жоопкерчиликке тартууну талап кылышты. Алар эл өкүлүн миллиард сом айыпка жыгуу керек экендигин айтышат. Буга Балбак Түлөбаевдин окуучуларды мектепке кабыл алууда 20 миллион долларга жакын пара директорлордун чөнтөгүнө кетип жатат деп айтканы себеп болгон.

Ал арада депутат Түлөбаев арыздангандар боюнча пикирин айтты.

"Урматтуу мүдүрлөр, күзгүгө каранып анан мага кайрылгыла. Баары эмес, көбүңөр алдыңарда тепкен кымбат унаа, үстүңөрдөгү кымбат үйлөр, чет өлкөдөгү батирлерди кайдан алдыңар?! Быйыл эле айлыгыңар көтөрүлдү. 20 жылдан ашык отуруп элдин канын мите курттай сордуңар. Мугалимдер эмес, мектеп мүдүрлөрү. Мектепти өз мүлкүңөрдөй ээлик кылдыңар. Уялбай мектеп ичине керек болсо самсыкана салып алдыңар. Канча ата-эне келди пара алды деп. Жазып бергиле десем баласын аяп болбойт. Аз иштеп калдым да силерге жетпей ушуга өкүнөм. Баарыңардын үй-мүлкүңөрдү текшертүү керек. Бардык ата-энелерге кайрылам, коркпогула, жаздырып алып мага жибергиле. Булар менен күрөшүүгө убакыт келди. Баарын текшеребиз. Ушулардын айынан билим берүү системасы начар абалда. Шаардык билим берүүнү өкмөт алсын. Шаар чарбалык ишине карасын", - деп билдирди.
 

Последние новости