www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-июнда "Өзбекстан Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоору Каракалпакстан жашоочуларынын арасында нааразылык жаратты.

Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, Каракалпакстан Республикасынын "суверендүүлүгү" жоюлуп, макамы өзөрүп, азыркы Баш мыйзамдан "республика эли жалпы референдумдун негизинде Өзбекстандын курамынан чыгып кетүү укугуна ээ" деген сөздөр алынып салынат.

26-июнда түзүлгөн "Каракалпакстан Конституциясы" деп аталган Telegram-каналга бир күндө эле 100 миңден ашуун киши катталды. Алар жапырт нааразылык акциясына чыгууга үндөп жатышат. 27-июнда Каракалпакстандын баш калаасы Нукустун жашоочулары шаарда мобилдик интернетке чектөө киргизилгенин кабарлашты.

Өзбекстан Конституциясынын азыркы редакциясынын 70-беренесинде "Каракалпакстан Суверендүү Республикасы Өзбекстан Республикасынын курамына кирет. Каракалпакстан Республикасынын суверендүүлүгү Өзбекстан Ресубликасы тарабынан корголот" деп жазылган.

Коомдук талкууга чыгарылган жаңы долбоордо бул беренеге өзгөртүү киргизилип: "Каракалпакстан Республикасы Өзбекстан Республикасынын курамына кирет. Каракалпакстан Республикасынын аймагында бардык укуктар жана эркиндиктер Өзбекстан Ресубликасынын Конституциясы менен мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат" деп өзгөртүлгөн.

Мындай түзөтүүлөр, өзгөчө "суверендүүлүктүн" алынып салынышы Каракалпакстандын өзүндөгү айрым активисттердин жана чет жактагы этникалык каракалпактардын нааразылыгын жаратууда.

25-июнда Каракалпакстандагы Makan.uz сайтынын редактору Лалагул Каллыханова "Мен Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүүгө каршымын" деген макаласын жарыялап, видео кайрылуу жолдоду. Анда Каллыханова жаңы өзгөртүүлөр референдумда колдоо таба турган болсо, Каракалпакстан суверендүүлүгүнөн ажырап калышы мүмкүндүгүн эскертип, мындай түзөтүүлөргө жол берген жергиликтүү парламенттин жетекчилеринин кызматтан кетишин талап кыларын айтты.

Каракалпакстандын Чимбай районунда жашаган блогер конституицялык дебаттарга арналган Telegram-каналдардын баары жабылып жатканын билдирди.

"Кече Telegram-каналда жүз миңден ашуун киши бул өзгөрүүлөргө каршы экенин жазышкан. Сыягы, бүгүн бул топтордун администраторлору суракка чакырылып, каналдарды өчүрүшкөндөй. Эгер өзгөртүүлөр референдумга чыгарылса, 33 миллион кишинин ичинен эки миллион каракалпактын добушу эч нерсени өзгөртө албайт. Биз укуктарыбыз бузулабы деп түйшөлүп жатабыз”, - деди атын атабоону өтүнгөн блогер.

1930-жылы Каракалпак автоном облусу Казак АССРинин курамынан чыгарылып, түздөн-түз Орус советтик федеративдик социалисттик республикасынын (РСФСР) карамагына өткөн. 1936-1990-жылдары Каракалпакстан автономдуу советтик республика катары Өзбек ССРинин курамында болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости