www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарында 23 жашка чейинки оюнчулардан турган командалар үчүн Манас Кубогунун футбол турнири башталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Анда Кыргызстандын олипиадалык курамасы алгачкы беттешин Бахрейн курамасына каршы өткөрүп, 2:1 эсебинде жыйынтыкталды. Оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп санын Арсен Шаршенбеков теңеди. Ал эми 42-мүнөттө Антон Полев дагы бир гол киргизди.
Аталган мелдеште Кыргызстан, Россия, Иран жана Бахрейндин курамалары күч сынашып, беттештер Манас шаарынын "Курманбек" стадионунда өтүүдө.
Белгилей кетсек, турнирдин максаты жаш курама командалардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, эл аралык деңгээлдеги оюн практикасын жогорулатууга жана достук мамилелерди чыңдоого шарт түзүү болуп саналат. Андан сырткары, бул эл аралык мелдеш алкагында биздин курама командабыз 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык баскычына даярдык көрөт.
Олимпиадалык курама киийнки беттешин 15-ноябрь күнү Иранга, ал эми 18-ноябрь күнү Россияга каршы өткөрөт.