www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Германиядан медицина тармагын жакшыртуу үчүн 4,5 миллион евро алат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алынган каражатка Бишкек, Ош жана Талас шаарларындагы перинаталдык борборлорду куруу жана жабдуу, ошондой эле Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасын жабдуулар менен камсыздоо пландаштырылууда.
Аталган келишим энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн кыскартууга, ошондой эле Бишкек шаарында жана аймактарда медициналык тейлөөнүн шарттарын жакшыртууга чоң салым кошору белгиленди.
Белгилей кетсек, азырынча каражат грант же кредит түрүндө берилери айтыла элек.
Булак: NazarNews.kg