www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Америка Кошмо Штаттарында Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушту. Министрлер кабинети билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров ICSID Конвенциясын (Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбор) ратификациялоо жөнүндө документти Дүйнөлүк банктын сактоосуна тапшырды, муну менен эл аралык инвестициялык талаштарды чечүү боюнча дүйнөлүк алдыңкы институтка кошулуу процесси аяктады.

А.Жапаров белгилегендей, ICSIDге кошулуу туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн трансчек аралык инвестицияларды жана сооданы пайдалануу боюнча биздин стратегиянын маанилүү элементи болуп саналат.

«Бүгүн биз талаш-тартыштарды чечүү үчүн эң жогорку эл аралык стандарттарга жооп берген укуктук жана ченемдик базаны жактай тургандыгыбыз тууралуу ачык белги берип жатабыз», - деди Акылбек Жапаров. ICSIDнин башкы катчысы Мег Киннер белгилегендей, ICSIDге мүчө болуу эл аралык инвестициялардын агымынын негизинде жаткан эл аралык-укуктук архитектураны түзөт жана чыңдайт.

«Мен Кыргыз Республикасы чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, аны кармап калуу жана кеңейтүү үчүн өбөлгө түзүүчү ишкер чөйрөнү мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү кадамды жасаганына кубанычтамын», - деди Мег Киннер.

Кумтөр долбоору боюнча келишимдин түзүлүшү Кыргыз Республикасы талаштартыштарды белгиленген эл аралык процедуралар жана стандарттарга ылайык жөнгө салууга даяр экендигинин мисалы болуп саналат.

Дүйнөлүк банкка ратификациялык грамотаны сактоого тапшыргандан кийин, Конвенциянын 68(2)-беренесине ылайык, (Кыргыз Республикасы Конвенцияга 1995- жылы кол койгон жана 1997-жылы ратификациялаган) Кыргыз Республикасы үчүн Конвенция 2022-жылдын 21-апрелинде күчүнө кирет. Конвенция күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасы ICSID менен макулдашуучу 157-мамлекет болуп калат.

ICSID Конвенциясы чет өлкөлүк инвестициялар боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу үчүн институционалдык жана укуктук базаны белгилейт. Ал арбитраж, жарашуу, ортомчулук жана фактыларды орнотуу үчүн көз карандысыз, саясаттан ажыратылган форумду камсыз кылуу аркылуу өлкөлөр ортосундагы инвестицияны илгерилетүү үчүн түзүлгөн.

ICSID Конвенциясынын катышуучу мамлекети катары Кыргыз Республикасы анын башкы башкаруу органында – Административдик кеңештеги өкүлчүлүк аркылуу ICSIDни башкарууга катышат. ICSIDге мүчө ар бир мамлекет Жетектөөчү кеңеште бир өкүлгө жана бир добушка ээ.

Анын милдеттерине башка нерселер менен катар ICSIDнин башкы катчысын жана башкы катчынын орун басарларын шайлоо кирет. ICSIDге мүчө мамлекеттер ошондой эле ICSID комиссияларында арбитрлерди жана ортомчуларды дайындоого укуктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости