www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КМШ оюндары жыйынтыкталып, улуттук курама команда 27 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан II КМШ оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча 7-орунду ээледи.

Улуттук курама 1 алтын, 8 күмүш, 18 коло медаль уткан. Жалгыз алтын байгени кыз-келиндер күрөшү боюнча Нурзат Нуртаева багындырды.

Аталган турнир 4-13-август күндөрү Беларустун Минск шаарында өтүп, спорттун 20 түрүнөн 23 мамлекет катышты.

Кыргызстандын курама командасы спорттун 17 түрүнөн ат салышып, 200дөн ашык спортчу барган.

Алдыңкы үчтүккө Орусия, Беларусь жана Өзбекстан чыккан. Казакстан бешинчи сапты ээлесе, Тажикстан сегизинчи орунга илинген.

Белгилей кетсек, III КМШ оюндары 2025-жылы Азербайжанда өтөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости