www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Сириядагы Ирандын консулдугуна жасалган, адам өлүмүнө алып келген ракеталык чабуулдарга тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

"Кыргызстан тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чыр-чатакты чечүүгө чакырат", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Сириядагы Ирандын консулдугуна Израиль ракеталык чабуул жасаганы маалымдалган. Натыйжада ирандык генералдар, офицерлер жана сириялык, ливандык жарандар каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости