www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйылкы жылдын январь айында Кыргызстандын калкынын туруктуу саны 9 миң 200 адамга же 0,1 пайызга көбөйүп, 1-февралга карата 7 миллион 413 миңге жетти. Бул сандар Улуттук статистика комитетинин отчетунда келтирилген.
Маалыматка ылайык, 1-февралга карата Бишкектин калкынын саны 1 миллион 360 миң 600 адамды түзсө, Ошто 485 миң 700 адам жашайт.
Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь айында жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүндө 10 миң 900 жаңы төрөлгөн бала же калктын миңине 17,3, ал эми 2,7 миң өлүм же калктын миңине 4,3 катталган.
Натыйжада, калктын табигый өсүү темпи 8 миң 200 адамды же миң адамга 13 адамды түздү.
Ушул жылдын январь айында калктын табигый өсүү темпи эң жогорку көрсөткүч Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында, ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Бишкек шаарында байкалды.