www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айыл чарба министрлиги учурда Казакстан Кыргызстандан суу алып жатабы же жокпу деген суроого жооп берди.
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 13-июндагы жыйынында депутат Нурланбек Азыгалиев Панфиловка айылынын тургундарынын суунун жетишсиздигине нааразы болуп жатканын билдирди.
Айыл чарба министрлигинин Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев Панфиловкага учурда 4-5 куб суу берилип жатканын билдирди. Анын айтымында, Быстровкадагы кичи ГЭСтин түтүктөрүндө авария болуп, ошол себептен термелүүлөр болгон.
"Бүгүн берүүнү калыбына келтиребиз. Өзүңөр билгендей, Чоң Чүй каналында деле дефицит 20-30 куб метрди түзүүдө. Сууну айлануу аркылуу берип жатабыз. Эч кандай чоң көйгөй жок. Башка системаларда азыр суу бар", — деди чиновник.
"Казакстанга суу берилип жатабы? — деп сурады Азыгалиев
"Эгерде бүгүн график боюнча аларга 14 куб метр беришибиз керек болсо, учурда Георгиевский каналы аркылуу 12 куб метр берилүүдө", - деп жооп берди.
Булак: NazarNews.kg