www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйында дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга жана логистикалык кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргызстан күйүүчү майды жеткирүүнү диверсификациялап, жаңы өлкөлөр менен бир катар келишимдерге жетишкени айтылды.
Өкмөт башчы ички рынокто күйүүчү майдын тартыштыгына жол бербөө өзгөчө айыл чарба жана транспорт тармактары үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, тиешелүү мекемелерге күйүүчү майдын запасы, жеткирилиши жана баасына күн сайын мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.
Ошондой эле өкмөттө күйүүчү май маселеси боюнча жума сайын ыкчам жыйын өткөрүлүп турары маалымдалды.