www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2023-жылдын 24-майында, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу, анын ичинде суу ресурстары жаатындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо, ошондой эле алдыда боло турган суу форуму боюнча пикир алмашуу максатында өттү.

Министр Тургунбаев эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, маектештерин учурдагы иштер менен тааныштырып, абанын булганышына, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатында кызматташтыкты жөнгө салууну сунуштады.

Ал эми элчи Оливье Бангертер суу ресурстарын сактоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул багытта ишке ашырылып жаткан 5 долбоор тууралуу маалымат берди. 

Жыйынтыктап жатып, тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары да улантууга жана тереңдетүүгө умтулууларын ырасташып, ошондой эле мөңгүлөрдү сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Кошумча түрдө карызды “жашыл демилгелерге” алмаштыруу боюнча демилгенин алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн кароо макулдашылды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости