www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков кытайлык «Цюаньибао» (Ханчжоу) маалыматтык технологиялар компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Кызматташуунун алкагында кытай тарап Министрликке кайтарымсыз негизде 12 даана учкучсуз учуучу аппаратты (дрон) өткөрүп берди. Бул жабдуулар айыл чарба иштеринде, анын ичинде өсүмдүктөрдү коргоо, айыл чарба жерлерин мониторинг жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жасалма жол менен жаан-чачын чакыруу иш-чараларын жүзөгө ашырууда колдонулат.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташтык багыттарын жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, дрондорду колдонуу боюнча адистерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын окуу борборун түзүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Мындан тышкары, келечекте аталган компания тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүчү завод куруу долбоорун ишке ашыруу пландалууда.

 

Последние новости