www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-мартта Кытайдын Циндао шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) менен Кытайдын ТИМинин консулдук консультациялары болуп өттү. Анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жана биргелешкен аракеттер боюнча маселелер талкууланды.

Талкууда негизинен туризм, бизнес жана маданий байланыштарды чыңдоо максатында эки өлкөнүн жарандары үчүн виза берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү зарылчылыгы тууралуу кеп болду.

"Эки өлкөнүн аймагында Кыргызстан менен Кытайдын жарандарынын, ишканаларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар жарандардын жана ишкерлердин ишмердүүлүгүндө калыстыкты жана мыйзамдуулукту камсыздоо үчүн активдүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти", - деп жазылган маалыматта.

Кеңешмеде эки өлкөдө соттолгон жарандарды мекенине которуу маселеси да козголду. Кыргыз тарап соттолгон жарандарды Кыргызстанга өткөрүп берүүнү тездетүүгө көмөк көрсөтүүнү кытай тараптан өтүндү. Тараптар бул маселе боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Кытайдын Юстиция министрлигинин биргелешип иштөөсүн жандандыруу зарылдыгын белгилешти.

ТИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, Кыргызстандан барган делегация Циндао шаарынын мэри Чжао Хаочжи менен жолугушту жана Циндао шаары менен Бишкектин кызматташтыгын талкуулады.

Кыргызстандын ТИМи былтыр декабрда кыргызстандык жарандар үчүн Кытайга кирүүгө виза берүү тартиби жеңилдегенин билдирген. Ага ылайык, виза алууга документ тапшырууда жеңилдиктер болуп, Кытайга сапар алган кыргызстандык ишкерлерге, маданий, илимий, билим берүү иш-чараларына катышуу максатында бараткан жарандарга атайын чакыруу талап кылынбай калган.

Былтыр октябрда Кыргызстан Кытайдын Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары үчүн кайра кеткенге авиабилети болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизген.

Кытай Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп таанып, 1992-жылдын 5-январында эки мамлекет ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөн. 1992-жылдын май айында Бээжин Бишкекте өзүнүн элчилигин ачкан. 1993-жылдын августунда Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Бээжинде негизделип, иштей баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости