www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясынын Кытай Эл Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган маанилүү макулдашууга кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев Кытай Эл Республикасынын Саламаттык сактоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Чжэн Чже менен биргеликте “Боорукер саякат” долбоорун ишке ашыруу тууралуу макулдашууга кол койду.

Долбоор Кыргызстанда жүрөктүн тубаса кемтиги бар балдарга жогорку технологиялуу кардиохирургиялык жардам көрсөтүүгө багытталган. Ал медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, адистердин квалификациясын арттырууга жана эки өлкөнүн ортосундагы кесиптик кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Кытайдын алдыңкы медициналык мекемелери — Фувай жана Тянь-Тань ооруканаларына да барды. Жолугушууларда тараптар кардиохирургия жана нейрохирургияны өнүктүрүү, медициналык кадрларды даярдоо, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана инновациялык технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.

Макулдашуунун түзүлүшү Кыргызстан менен Кытайдын саламаттык сактоо тармагындагы стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталганы белгиленди.

Последние новости