www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев BBCнин Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Ричард Колборн менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга министрликтин маалымат башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов, BBCнин Бишкек бюросунун жетекчиси Заирбек Бактыбаев жана BBC Кыргыз кызматынын башкы редактору Кубат Касымбеков катышты.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы медиа чөйрөнүн учурдагы абалын, сөз эркиндигин камсыз кылуу, санариптик журналистиканы өнүктүрүү жана жалган маалыматтарга каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле маалымат тармагында тажрыйба алмашуу жана эл аралык медиа кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алышуу болду.

Министр Мирбек Мамбеталиев Кыргызстан сөз эркиндигин, көз карандысыз медианы жана ачык диалогду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Анын айтымында, өлкөнүн маалымат мейкиндиги ачык жана көп түрдүү бойдон калууда. Мындан тышкары салттуу медиа менен катар санариптик платформалар жана социалдык тармактар активдүү өнүгүп жатканы айтылды.

Жолугушууда санариптик медиа тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, журналистиканын сапатын жогорулатуу жана Кыргызстанды эл аралык аудиторияга таанытуу маселелери дагы каралды.

Өзгөчө көңүл 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дүйнөлүк деңгээлде чагылдырууга бурулду.

Последние новости