www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы ведомствону кайра уюштуруу, уюштуруучулук түзүмдү өзгөртүү жана кызматкерлердин штаттык санын кыскартуу боюнча төмөнкүлөрдү билдирет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган чаралар салыктык башкаруу системасын санариптештирүү, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле салык төлөөчүлөр менен өз ара байланыш механизмдерин өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылууда.

Кайра уюштуруунун негизги максаты — кайталанган жана ашыкча функцияларды кыскартуу, башкаруу процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, адам факторунун таасирин азайтуу жана заманбап санариптик чечимдер менен автоматташтырылган системаларды киргизүү аркылуу коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу жолу менен Салык кызматынын ишин оптималдаштыруу болуп саналат.

Белгилей кетүүчү нерсе, акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын салык системасында салыктык башкарууну жакшыртууга, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана өлкөнүн инвестициялык жана экономикалык климатын жакшыртууга багытталган кеңири масштабдагы реформалар ырааттуу түрдө ишке ашырылууда.

Жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөрдүн натыйжасында оң жыйынтыктар байкалууда. Тактап айтканда, салыктар менен камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү туруктуу өсүүдө. Ошол эле учурда салык жеңилдиктерин киргизүү, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана электрондук кызматтарды өнүктүрүү ишкерлерге болгон административдик жүктү азайтып, бизнести легалдаштырууга жана көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартууга өбөлгө түзүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизги фактору — салыктык жол-жоболорду санариптештирүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө Салык кызматынын көпчүлүк кызматтары электрондук форматка өткөрүлдү. Бул салык төлөөчүлөр жана Салык кызматынын өзү үчүн да процесстерди кыйла жөнөкөйлөттү. Бул салыктык отчетторду тапшырууга, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, маалымкаттарды алууга, мамлекеттик органдар жана банк сектору менен электрондук маалымат алмашууга, ошондой эле ички талдоо жана көзөмөл процесстерин автоматташтырууга тиешелүү.

Санариптик технологияларды киргизүүнүн натыйжасында кызмат көрсөтүү убактысы кыйла кыскарып, жол-жоболордун ачыктыгы жогорулады. Ишкердик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.

Маанилүү багыттардын бири катары Салык кызматы менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы ишенимге, ачыктыкка жана өз ара жоопкерчиликке негизделген өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү.

Жасалма интеллект технологияларын жана маалыматтарды автоматташтырылган талдоону колдонуу менен аналитикалык куралдарды иштеп чыгууга жана киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Заманбап санариптик системалар салыктык тобокелдиктерди ыкчам аныктоого, чоң көлөмдөгү маалыматтарды талдоого, мыйзам бузууларды алдын алууга жана ак ниет салык төлөөчүлөрдүн ишине ашыкча кийлигишүүсүз көзөмөл иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Мындай ыкма «Салык кызматы — бизнестин өнөктөшү» деген заманбап концепцияга туура келет. Бул жерде негизги басым көзөмөл функцияларына гана эмес, салыктык милдеттенмелерди ыктыярдуу жана ыңгайлуу аткаруу үчүн шарттарды түзүүгө жасалат.

Мындан тышкары, санариптештирүү инспектор менен салык төлөөчүнүн түз байланышын минималдаштыруу аркылуу салык системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга көмөктөшөт. Процесстерди автоматташтыруу субъективдүү мамилени жокко чыгарып, адам факторуна байланыштуу каталардын ыктымалдыгын азайтып, кабыл алынган чечимдердин ачыктыгын камсыз кылат.

Санариптик трансформация этап-этабы менен ишке ашырылуучу жана узак мөөнөттүү процесс экенин түшүнүү зарыл. Ал комплекстүү мамилени, убакытты жана тиешелүү ресурстарды талап кылат. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө салык төлөөчүлөр Салык кызматынын электрондук кызматтарын күнүмдүк ишмердүүлүгүндө активдүү колдонуп жатышат. Бул киргизилип жаткан санариптик чечимдердин талапка ылайыктуулугун жана натыйжалуулугун тастыктайт.

Кызматкерлердин штаттык санын болжолдуу кыскартуу да кадрдык потенциалды оптималдаштырууга жана ведомствонун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Мында сөз жөн гана кызматкерлердин санын кыскартуу тууралуу эмес, санариптик технологияларга, процесстерди автоматташтырууга жана квалификациялуу кадрларга негизделген мамлекеттик башкаруунун заманбап жана натыйжалуу моделине өтүү жөнүндө болуп жатат.

Уюштуруучулук түзүмдү оптималдаштыруу бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга, административдик аппаратты кармоого кеткен чыгымдарды кыскартууга жана кошумча каржы ресурстарын артыкчылыктуу мамлекеттик жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багыттоого мүмкүндүк берет.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында салык төлөөчүлөр сапаттуу мамлекеттик кызматтарды, жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболорду жана заманбап санариптик сервистерди, ошондой эле Салык кызматы менен ачык жана өнөктөштүк негиздеги өз ара аракеттенүү механизмдерин алышат.

Өз кезегинде мамлекет бюджеттин киреше бөлүгүн камсыз кылуу, салыктык тартипти жогорулатуу жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү боюнча стратегиялык маанилүү милдеттерди сапаттуу аткарууга жөндөмдүү заманбап, натыйжалуу жана технологиялык мамлекеттик органга ээ болот.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө санариптик технологиялар тездик менен өнүгүп жатат жана мамлекеттик органдар дагы заманбап чакырыктарга жана убакыттын талаптарына өз убагында ыңгайлашуусу керек. Прогрессти токтотуу мүмкүн эмес. Ошондуктан инновациялык чечимдерди киргизүү жана мамлекеттик процесстерди модернизациялоо өлкөнү мындан ары өнүктүрүүнүн жана мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуунун зарыл шарты болуп саналат.

 

Последние новости