www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүү жана жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.
Бул иштердин алкагында Орто-Токой ГЭСинин курулушу активдүү уланууда. Атап айтканда, келечектеги станциянын кубаттуулугун өлкөнүн энергосистемасына чыгарууну камсыз кылуучу 110 кВ аба электр чубалгысынын курулушу жүрүп жатат.
Бүгүнкү күндө аба чубалгы боюнча пайдубал куруу иштери аяктап, 26 аралык тирөөчтөрдүн 18 орнотулду. Анкердик тирөөчтөрдү чогултуу, жерге туташтыруу контурларын орнотуу жана кийинки монтаж иштерин жүргүзүү үчүн кирүү жолдорун даярдоо иштери уланууда.
Орто-Токой ГЭСинин курулуш аянтчасында да негизги курулуш-монтаж иштери уланууда. Суу кабыл алуучу шахтанын үстүндөгү имараттын курулушу аяктап, долбоор боюнча узундугу 950 метр болгон деривациялык тоннель толугу менен казылып бүттү. Учурда тоннелдин металл каптамасын орнотуу жана инъекциялоо иштери жүргүзүлүүдө.
ГЭС имаратында дагы бир катар негизги этаптар аяктады. Анын ичинде өздүк муктаждыктар үчүн трансформаторлорду орнотуу, №2 гидроагрегаттын роторун борборлоштуруу иштери бүткөрүлдү. Ошону менен катар көмөкчү жабдууларды монтаждоо, ишке киргизүү жана жөнгө салуу иштери, релелик коргоо жана автоматика системаларын орнотуу, кабелдик линияларды төшөө, ошондой эле имараттардын ички жана тышкы жасалгалоо иштери уланууда.
Муну менен катар 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзмөктү (ОРУ-110 кВ) куруу, технологиялык системаларды монтаждоо, жогорку жана төмөнкү бьефтерди жээгин бекемдөө, ошондой эле гидроэлектростанциянын ишенимдүү жана коопсуз иштеши үчүн зарыл болгон жабдууларды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Орнотулган кубаттуулугу 21 МВт болгон Орто-Токой ГЭСинин курулушу бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.