www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында Курман Айт майрамына карата коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Майрам күнү район аймагындагы мал базарларда, мал сатуу жана союу жүргүзүлүүчү жайларда милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөл күчөтүлөт. Ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыздоо, жол кыймылынын үзгүлтүксүз жүрүшүн көзөмөлдөө жана коомдук тартипти сактоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, мыйзамсыз мал соодасына, санитардык талаптардын бузулушуна жана коомдук жайлардагы тартип бузууларга жол бербөө боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлөт.
Урматтуу жарандар! Коомдук тартипти сактоого түшүнүү менен мамиле кылып, мал союуда жана соода жүргүзүүдө тазалык эрежелерин жана мыйзам талаптарын сактоону суранабыз.