www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча 2023–2027-жылдарга карата мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында координациялык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы №551 тескемеси менен бекитилген программа жана аны аткаруу боюнча иш-чаралар планынын негизинде уюштурулган.
Иш-чарага Президенттин администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, министрликтер менен ведомстволордун, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө программаны жана иш-чаралар планын натыйжалуу ишке ашыруунун механизмдери, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жана маалымат алмашуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Президенттин администрациясы менен УКМКнын Антитеррордук борборунун өкүлдөрү тарабынан бир катар кемчиликтер белгиленип, аларды жоюу боюнча тиешелүү сунуштар берилди.
Белгиленгендей, программа экстремизм жана терроризмден келип чыккан коркунучтарга каршы мамлекеттик органдардын ишин күчөтүүгө, өз ара координацияны жакшыртууга жана бул багыттагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууга багытталган.

Последние новости