www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Францияга болгон расмий сапарынын алкагында Париж шаарында Франциянын Улуттук ассамблеясынын Төрайымы Яэль Браун-Пиве менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Марлен Маматалиев Франция Кыргызстандын Европадагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, парламенттердин, элдердин, жаштардын жана билим берүү-маданий мекемелеринин ортосундагы түз байланыштарды күчөтүүгө кызыкдар экенин айтты.

Ошондой эле 2027-жылы Кыргызстан менен Франциянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 35 жыл толору белгиленип, бул датага карата биргелешкен саясий, парламенттик жана маданий иш-чараларды өткөрүү сунушталды. Төрага депутаттык достук топтору жана тармактык комитеттер ортосунда туруктуу байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде аймактар аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери да каралды.

Өз кезегинде Яэль Браун-Пиве кыргыз парламенттик делегациясынын сапары эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгиледи. Ал маданий-гуманитардык кызматташтыкты, анын ичинде француз тилин окутуу багытындагы байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуудан кийин Марлен Маматалиев Франциянын Улуттук ассамблеясынын Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып, кыргыз делегациясы Франция парламентинин ишмердүүлүгү жана мыйзам чыгаруу процесси менен таанышты.

Последние новости