www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Гана өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.
Макулдашууга 16-мартта Бишкек шаарында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Сэмюэл Окузето Аблаква кол коюшкан.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки документке: саясий консультацияларды өткөрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга жана дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жоюу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Документ эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн өз ара иш сапарларын жөнөкөйлөтүүгө багытталган.