www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Россиянын Театр искусствосу институтунун (ГИТИС) ректору Григорий Заславский жана Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар маданият тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, театр адистерин даярдоо жана тармак кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.
Белгиленгендей, ГИТИСтеги кыргыз улуттук курсу 40 жылдык тыныгуудан кийин 2023-жылы кайра жанданган. Учурда аталган окуу жайда Кыргызстандан 12 студент билим алууда.
Ошондой эле тараптар ГИТИС бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда биргелешкен спектаклдерди коюу, аймактык театрларды тартуу жана Ысык-Көлдөгү «ГИТИСтеги эл аралык жайкы мектеп» долбоорун өнүктүрүү багытындагы иштерди улантуу боюнча пикир алышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн багыттарын белгилешти.