www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 29-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин, ошондой эле Кыргызстандын Казакстандагы элчисинин жана Казакстандын Кыргызстандагы элчисинин резиденцияларынын муктаждыктары үчүн Бишкек шаарында жана Астана шаарында имараттарды жана жер участокторун өз ара акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам жогоруда белгиленген макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууга багытталган.

Макулдашуу менен Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин, ошондой эле Кыргызстандын Казакстандагы элчисинин жана Казакстандын Кыргызстандагы элчисинин резиденцияларынын муктаждыктары үчүн Бишкек шаарында жана Астана шаарында имараттарды жана жер участокторун өз ара акысыз пайдаланууга берүү каралган.

Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Последние новости