www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Казакстан Республикасынын парламентинин мажилисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жамбыл облусунун Кордай айылында биргелешкен көчмө жыйын өткөрүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки өлкөнүн парламенттик делегациялары «Ак-Жол», «Карасу» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Өткөрмө жайларынын жетекчилери отчет беришти.

Андан ары депутаттар Кордай айылында биргелешкен жыйын өткөрүп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Айрыкча, ЕАЭБдин алкагында транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүү, Кыргыз Республикасынан келген жүктөргө карата Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан контролдук-инспекциялык иш-чараларынын тартибин жөнгө салуу боюнча сөз болот.

Биргелешкен көчмө жыйынга депутат Чыңгыз Айдарбеков баштаган Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөлөрү Чолпон Султанбекова, Лейла Лурова, Адахан Мадумаров, Айбек Осмонов, Жылдыз Таалайбек кызы, Улан Бакасов, Нурланбек Азыгалиев, Нилуфар Алимжанова, Ырысбек Атажанов, Шайлообек Атазов жана Нуржигит Кадырбеков катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости