www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Корея бажы тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюшту.

16-сентябрда Сеул шаарында Кыргызстандын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А. Салиев менен Корея Республикасынын Бажы кызматынын комиссары Ли Чон Уктун жолугушуусу өттү.

Тараптар бажы тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана эки өлкөнүн бажы органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда бажы иштери боюнча кызматташуу жана өз ара административдик жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлду.

Келишим бажылык контролдоо, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча маалыматтарды ыкчам алмашууга, ошондой эле товарларды мыйзамдуу өткөрүүгө жана тышкы сооданы өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары, товарлардын бажылык наркы, классификациясы жана келип чыгышы боюнча маалымат алмашуу, ошондой эле текшерүү иштерин жүргүзүүдө өз ара административдик жардам көрсөтүү каралган.

Жолугушуу жана келишимге кол коюу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында өттү.

Сапар 15–18-сентябрда Сеулда өтүп жаткан «Борбордук Азия – Корея Республикасы» саммитине катышууга байланыштуу уюштурулган.

Последние новости