www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Талайбек Шаршеев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин коргонуу маселелери боюнча жаңы дайындалган аскердик атташеси, улук полковник Гао Жиюй менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын коргоо ведомстволорунун ортосундагы эки тараптуу аскердик кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо багытындагы маселелерди талкуулашты.

Талайбек Шаршеев улук полковник Гао Жиюйди жаңы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн коргоо тармагындагы өз ара аракеттенүүсүн улантууга жана достук мамилелерди мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилешти.

Последние новости