www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 17-жыйыны өттү.
Жыйынга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана Кытайдын коммерция министринин орун басары, эл аралык соода сүйлөшүүлөрү боюнча төраганын орун басары Лин Цзи жетекчилик кылды.
Тараптар соода-экономикалык байланыштарды, транспорттук-логистикалык кызматташууну, энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана каржы тармагындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.
Эрлист Акунбеков Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгы акыркы жылдары активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, “Кыргызстан–Кытай–Өзбекстан” темир жолу, “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышы жана “Барскоон–Бедел–Учтурфан–Аксуу” автожолунун курулушу сыяктуу ири долбоорлорду мисал келтирди.
Ал эми Лин Цзи Кытай тарап Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жыйындын соңунда эки өлкөнүн өкүлдөрү жетишилген макулдашууларды камтыган тиешелүү протоколго кол коюшту.