www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Дыйканчылык илимий-изилдөө институту менен Россиянын «АПК КубаньХлеб» ЖЧКсы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Келишим Россиянын Краснодар крайына болгон жумушчу сапардын алкагында түзүлүп, Чүй облусунда жогорку сапаттагы үрөн өндүрүү, селекцияны өнүктүрүү жана заманбап агротехнологияларды жайылтуу боюнча биргелешкен селекциялык-үрөнчүлүк чарбасын түзүүнү камтыйт.
Сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы ишкананын өндүрүшү, тажрыйба талаалары жана заманбап үрөн даярдоочу заводу менен таанышты.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов үрөнчүлүктү өнүктүрүү өлкөнүн агрардык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстанда россиялык селекциядагы күздүк буудайдын биринчи гибриддештирүү питомниги түзүлүп, алгач ирет беденин үрөнү Россияга экспорттолгон.
Меморандум биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууга, жаңы сортторду сыноого, тажрыйба жана технология алмашууга, ошондой эле адистердин квалификациясын жогорулатууга шарт түзөт.
Бул кызматташтык ата мекендик үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган.