www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын Туризм министринин эл аралык маселелер боюнча орун басары Хавазин Насифа менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн туризм тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды.
Элчи Кыргызстандын туристтик потенциалы, өлкөнүн жаратылыш-климаттык мүмкүнчүлүктөрү жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн колдонулуп жаткан визасыз режим тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле «Flynas» авиакомпаниясынын Жидда–Бишкек жана Жидда–Ош түз каттамдары эки өлкөнүн ортосундагы туристтик агымды көбөйтүүгө өбөлгө түзүп жатканы белгиленди.
Жолугушууда тараптар тажрыйба алмашуу, кадрларды даярдоо, ошондой эле туризм тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Мындан тышкары, сауд тарапка Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтык материалдар жана «Ala-Too Resort» менен «Chatkal Resort» долбоорлорунун презентациялары тапшырылды.