www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ар кызматынын жетекчилери 2022-жылдын 25-сентябрында кол коюлган №42 протоколдун аткарылышын талкуулашты. Бул УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушуу достук маанайда өттү.
Тараптар кол коюлган протоколдорду ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти.
«№42 протоколдун аткаруу үчүн чек ара өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш чараларга жогорку баа берилди», — дейт УКМК.
Белгилей кетсек, №42 протокол 2022-жылы Тажикстандын кезектеги кол салуусунан кийин кабыл алынган. Анда «Тамдык» (КР), «Бедак» (Тажикстан), «Булак-Баши» (КР), «Кех» (Тажикстан), «Катта Туз» (КР), «Каракчикум» (Тажикстан), «Ак-Сай» (КР), «Шаршара» жана «Ходжаи-Аъло» (Тажикстан) аскердик бекеттерин алып салуу каралган.
Булак:NazarNews.kg