www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин 23-декабрда билдиргенине караганда, 17-декабрдан 23-декабрга чейин Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору Тажикстандын Бустон шаарында жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 11,88 чакырымы боюнча макулдашты.
Маалыматта өкмөттүк делегациялар калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти Кыргызстанда өтө турган кийинки жолугушууда улантары айтылат. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өткөнү белгиленген.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топтору ошондон бери жумуштарын активдүү фазада улантып, тынымсыз жолугуп жатышат.
Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 12-декабрда Баткен шаарында жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашкан. Анын соңунда Ташиев менен Ятимов атайын билдирүү жасап, кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашканын билдиришкен. Ташиев анын ичинде Баткендеги “Кайрагач айылынан баштап Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейинки айылдардын тушундагы такталбаган тилкелер макулдашылганын” ырастаган.
Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын айткан.
Булак: NazarNews.kg