www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Түркиянын маданий борборлорун ачуу тууралуу келишимди үч окууда ратификациялады.
Кыргызстандын Чыңгыз Айтматов атындагы маданий борбору Анкара шаарында түзүлөт. Ага бир жылда 33,6 миллион сом керектелери белгиленди.
Маданият министри Алтынбек Максутов бул маданият, илим, билим тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, мекендештерге көмөк көрсөтүү, эне тилди жана улуттук каада-салтты сактоо, тыгыз карым-катышты орнотуу максатын көздөй турганын билдирди.
"Биз көп каражат коротуп чет өлкөлөрдө маданият күндөрүн өткөрөбүз. Бирок ал бир жумалык болуп, 1000-2000 кишиге жетип эле жок болуп кетет. Ал эми бул маданий борбор жыл бою иш алып барат, үч кызматкер иштейт. Салт-санаабызды жайылтып, тил үйрөтүп, маданий иш-чараларыбыз тынымсыз өтүп турушу керек", — деди министр.
Ал эми Түркиянын маданий борбору Бишкектеги элчилигинин астында ачылмакчы.
Булак: NazarNews.kg