www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Японияга болгон жумушчу сапардын алкагында үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л. Сагынбаев Япониянын саламаттык сактоо, эмгек жана жыргалчылык боюнча парламенттик вице-министри Масаюки Камия менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек миграциясы жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кыргыз-япон кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл «Токутэй гино» (Specified Skilled Worker) программасын ишке ашырууга, ошондой эле Япониянын эмгек рыногунун актуалдуу муктаждыктарын эске алуу менен кызматташуунун багыттарын кеңейтүү маселелерине бурулду.

Тараптар Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Японияда ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары кеңейтүүгө, анын ичинде жаңы багыттарды өздөштүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында диалогдун конструктивдүү мүнөзү белгиленип, эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдык тастыкталды. Тиешелүү министрликтердин ортосунда меморандумга кол коюу маселесин иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.

 

Последние новости