www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Өзбекстан авто унааларды бирге чогулткан завод ачат. Завод тесттик режимде 28-майда ишке кирет. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Ишкана Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан. Заводдо Chevrolet, Daewoo жана Isuzu автомобилдерин чогултуу пландалган.

2023-жылы март айында «Узавтосаноат» менен Кыргызстандын «ДТ техника» жана «НУР» компаниялары ортосунда жеңил авто унааларды чогултуу боюнча кызматташуу келишими түзүлгөн.

Мындан сырткары Кыргызстанда август айында Кытай менен биргеликте электромобилдерди чогултуучу завод ачылышы да күтүлүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости