www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Индия, Россия, Өзбекстан менен биргелешкен кесиптик лицейлерди түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча отчёттук маалыматында айтылат.

"Эл аралык эмгек рыногу үчүн кадрларды даярдоо максатында биргелешип Кыргыз-Индия, Кыргыз-Россия, Кыргыз-Өзбек кесиптик лицейлерин түзүү боюнча макулдашуулар иштелип чыкты", — деп жазылат отчётто.

Министрлик өлкөдөгү үч кесиптик лицейде жаштарга багытталган мигранттарды колдоо борборлору ачылганын кошумчалады.

"Миграцияга кетчүлөр үчүн электрондук 18 чакан окуу курсу иштелип чыккан. Алардын өзгөчөлүгү 24/7 онлайн режимде жеткиликтүү. Мындан тышкары, 10 кесиптик лицейдин базасында миграцияга даярдаган 10 борбор түзүлдү", — деп жазылат кабарда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости