www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Сеул шаарында өткөн «Корея – Борбордук Азия» биринчи бизнес-саммитинде өлкөнүн критикалык минералдарды өнүктүрүү стратегиясын сунуштады.

Министр Кыргызстанда олуттуу ресурстук потенциал бар экенин белгилеп, тоо-кен тармагын мындан ары диверсификациялоонун маанилүүлүгүнө токтолду. Анын айтымында, критикалык минералдар секторун өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана эл аралык өнөктөштөр менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу негизги багыттардын бири болуп саналат.

Кыргызстан геологиялык чалгындоо жана казып алуудан тартып сырьёну байытуу жана кайра иштетүүгө чейинки бардык этаптарда кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Стратегияда тармактын ачык-айкындуулугун жогорулатуу, инвесторлор үчүн туруктуу шарттарды түзүү, инфраструктураны жана технологияларды өнүктүрүү, эл аралык каржылоону жана өнөктөштүктү кеңейтүү каралган.

Ошондой эле ESG принциптерин сактоого жана жергиликтүү жамааттарды колдоого басым жасалат.

Акыл Токтобаев инвесторлорду, технологиялык компанияларды жана каржы институттарын критикалык минералдар тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.

Последние новости