www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев соода министри Мехмет Муштан Кыргыз Республикасынан экспорттолуучу товарларга бажы төлөмдөрүнүн көлөмүн азайтуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана Европа биримдигинин ВСП+ программасы тууралуу маалымат берди.

Жолугушууда тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын онунчу жыйынынын иш планын ишке ашыруу жана кийинкисин 2022-жылдын күзүндө өткөрүү маселелерин талкуулашты.

"Кыргызстандан Түркияга товарларды ташып келүүдө бажы төлөмдөрүнүн жогору экенин эске алып, элчи Кыргызстандын азык-түлүктөрүн, анын ичинде бал, төө буурчак, эт жана башка азыктарды экспорттоодо бул тарифтерди төмөндөтүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды", — деп айтылат маалыматта.

Мехмет Муш Кыргызстандан продукция алып келүү мүмкүнчүлүгүн карап көрө турганын белгиледи.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости