www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстандан 239,5 тонна малдын ичегиси экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин отчётунда айтылат.

Маалым болгондой, экспорттун көлөмү 230 миң долларга бааланууда.

Сатып алуучу өлкөлөр:

Гонконг (Кытайдын өзгөчө административдик району) – 202,7 тонна;

Египет - 20,9 тонна;

Түркия - 15,9 тонна.

Өткөн жылдын январь-апрель айларында 287,6 миң долларга 285,5 тонна ичеги-карын сатылган.

Белгилей кетсек, Гонконгго экспорт дээрлик 70 тоннага өссө, Түркия менен Египетке бир нече эсеге азайган. Ошол эле учурда, 2021-жылы Гонконг бул продуктуну көбүрөөк сатып алган.

Эске салсак, өткөн жылдын январь-апрель айларында 287,6 миң долларга 285,5 тонна ичеги-карын экспорттолгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости