www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында жана энергетиктерге жакшы шарттарды түзүү, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, капиталдык курулуш планынын алкагында компаниянын өздүк каражатынын эсебинен 1 жаңы райондук электр тармагынын (РЭТ) административдик жана 9 даана участоктун имараттарын куруу пландалган.

Бул РЭТ жана участоктордун имараттарын куруу жана пайдаланууга берүү ушул жылдын аягына чейин күтүлүүдө, алар:

- Түштүк РЭТинин административдик имараты (Бишкек шаары);

- Калматов УЭТ (Талас облусу);

- Кыргыз-Ата УЭТ (Ош облусу);

- Таширов УЭТ (Ош облусу);

- Тепе-Курган УЭТ (Ош облусу);

- Көк-Жар УЭТ (Ош облусу);

- Кербен УЭТ (Жалал-Абад облусу);

- Үч-Терек УЭТ (Жалал-Абад облусу);

- Халмион УЭТ (Баткен облусу);

- Бужум УЭТ (Баткен облусу);

Курулуп жаткан административдик имараттар заманбап диспетчердик жана дистанциялык борборлор менен жабдылып, абоненттерге жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүү үчүн электр энергиясын эсепке алуудагы санариптик технологияларды колдонушат жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын тармагына толук аймактык байланышта болот.

Мындан тышкары, абоненттер үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттар менен электрондук кезек тутуму бар "Бирдиктүү терезе" кызмат көрсөтүү борборлору жаңыланып иштейт.

Электр энергиясы боюнча кошумча маалымат алуу үчүн “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын күнү-түнү иштөөчү чалуу борборунун төмөнкү телефондоруна кайрылсаңыздар болот:

105 (акысыз чалуу),

+996 772 001209, 0556 001209

WhatsApp: +996 702 001209

Последние новости