www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Өзбекстан менен трактор чогултууну сүйлөш

Кыргызстан Өзбекстан менен тракторлордун тесттик партиясын өлкөгө алып келүүнү жана чогултууну сүйлөштү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү Өзбекстандагы "Ташкент трактор заводу" ишканасына барган.

Кызматкерлер техниканын сапатын баалап, заманбап рыноктун талаптарына жооп берерин белгилешкен.

"Биз "Ташкент трактор заводу" ишканасы менен кызматташууда чоң потенциалды көрүп жатабыз. Компания чыгарган тракторлор сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү келет. Техника Кыргызстандын рыногунда суроо-талапка ээ болот деп ишенебиз", — деген Соода өкүлчүлүгүнүн Өзбекстандагы өкүлү Алмаз Темирбеков.

Макулдашуу эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрө тургандыгы белгиленди.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости