www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан 2024-жылдын алты айында табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартты. Бул тууралуу 25-июлда Бишкектеги маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, бул сумма соңку күндөрдөгү селдин эсебинен дагы көбөйөт. Ушул тапта Ош, Жалал-Абад облустарындагы зыяндын көлөмү такталууда.

Өлкөдө быйыл сел жана башка кырсыктардан 25 адамдын өмүрү кыйылды. Өкмөт алардын жакындарына 1 миллион сомдон жардам бере турганын билдирген. Ошондой эле үйү капиталдык ремонтко муктаждарга 500 миң сомдон берүү каралган.

Акыркы сел 23-июлда Базар-Коргон районунун Арстанбап кыштагында болуп, бир канча үйдүн короосун каптап, автоунааларды агызып, жолду бузду. Он күн мурун Ош шаарындагы сел беш кишини агызып кеткен.

Последние новости