www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14–15-май Бишкек шаарында Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген облустук, райондук жана шаардык жаштар кеңештеринин төрагалары, активдүү жаштар жана жаштар саясаты багытындагы өкүлдөр катышат.
Конгресстин негизги максаты жаштарды мамлекеттик жаштар саясатын калыптандыруу жана ишке ашыруу процессине активдүү тартуу, ошондой эле жаштар менен мамлекеттик органдардын ортосундагы кызматташууну чыңдоо болуп саналат.
Конгресстин жыйынтыгында иштелип чыккан сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп, кабыл алынган чечимдердин аткарылышына министрлик тарабынан координация жана мониторинг жүргүзүлөт.